көрүнүш1

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Бир нерсенин көзгө көрүнгөн, сезилген жалпы белгилери, сырткы кебетеси, түрү, турпаты.
  2. Драмалык чыгарманын бир бөлүмү.
  3. Бир нерсенин жалпы ал-абалы, жагдайы, шарты.
  4. Кубулуш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурфану кирип келгенде, / Эр Бекбача караса, / Өңү мунун жадаңкы, / Көрүнүшү бир башка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кутунай кирип барганда, / Малуна кеби бул эле: / Козголчудай калтылдап, / Алтындуу саадак жаркылдап, / Ат куйругу балкылдап, / Көрүнүшү айбаттуу, / Найзанын учу жылтылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аңгычакты Сейити, / Кирип келди күдүңдөп, / Көрүнүшү бир башка, / Темирчидей күжүлдөп, / Тойго келген немедей, / Бүркөбөй кабак күлүңдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көрүнүшү баланын, / Булуттан чыккан күн болгон, / Орчундуу эрдин бириндей, / Ал балага сүр конгон, / Кайкыга чыккан шаңдагы, / Ак жолборстой түр болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ар бир адам аттаган сайын ушул көрүнүш элестеди да турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →