көрпөчө

китептерде 22 жолу, 6 китепте
  1. Ээрдин үстүнө салып, басмайыл менен тартылуучу кичине төшөк.
  2. Алдыга салынуучу ичке төшөк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Адам билгис сыры бар, / Мурункунун кебинде, / Жалганы бар чыны бар, / Алдында минген кер атты / Кубултуп турмай жабуу бар, / Көрпөчөнүн үстүндө, / Алты бүктөп алдында, / Салып жүргөн жайы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көрпөчөнүн бүгүштө, / Бүктөлүү болчу мына бу, / Тартып алды желекти, / Таанымал элге керекти, / Найзага темир аштады, / Айчыгы алтын чоң тууну, / Ашкере сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…бар, / Толгомо саптуу камчы бар, / Жанында эки киши бар, / Кадырлуу Кошой абаңдын, / Көрө койуп караанын, / Урматын кылып бардык хан, / Түшүшүп тегиз атынан, / Көрпөчөнү жайышты, / Кадырлуу Кошой карыны, / Каркыттап жөлөп алышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кум басып турса туйагы, / Куйкалап кетчү чөл экен, / Ат көрпөчө баарысын, / Жайып кумга салдырып, / Ат байлашып үстүнө, / Барандынын көлөкө, / Азык ичип, дем алып, / Кетебиз деп ашыгып, / Болуп жаткан шашылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Манаттан кылган көрпөчө, / Кош басмайыл тарттырып, / Бош агытып Буурулду, / Калмактарча жасанып, / Канчоро менен Гүлчоро, / Алдына кирди бастырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →