көркөм

китептерде 36 жолу, 7 китепте
  1. Кооз көрүнүш, көрктүүлүк, сымбаттуулук.
  2. Адабият, искусство жагына, ошол тармактагы чыгармачылыкка байланышкан.
  3. Искусство тармагындагы ишке байланыштуу болгон.
  4. Искусствонун элементтеринен турган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эки жеңин салынып, / Өтө көркөм Торгой кыз, / Сулуулугу таанылып, / Чигитей менен Торгойдун, / Ырысына экөөнү, / Туш болгондой кабылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Бузулбай баары хан болгон, / Айрыкчасы аларда, / Калаш деген бар болгон, / Ай келбеттүү нур жүздүү, / Көзгө көркөм чок беттүү, / Дүйнөдө андай ким өттү, / Элинде чаар бар болсо, / Баарын койбой түгөттү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…толоңду чакыр, деп / Желдеттери далдаңдап, / Алып учуп калдаңдап, / Чойтолоңго барышты, / Хан чакырат сени, деп / Айтып кабар салышты, / Койгон аты Чойтолоң, / Көркөм жигит болбосо, / Келишимдүү койкойгон, / Түк күлбөгөн аз сүйлөп, / Бойлуу киши зоңкойгон, / Алдыңкы эрди кеберсип, / Ач калгандай томсоргон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айдаса буурул былк этпейт, / Чылбыры Гүлүс колунда, / Тоо баскандай солк этпейт, / Карадөө, Токой жардашып, / Тирмейе тиктеп карашып, / Абасы менен Гүлчоро, / Көргөнгө көркөм жарашып, / Тура турсун эрендер, / Биз башкадан кабар алалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өткүрү эле экөөнүн, / Оорутпас көөнүн бирөөнүн / Көркөмү эле тулпардын, / Кумпайы эле шумкардын / Бушманы эле душмандын, / Медери эле туугандын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →