көрктүү
- Көркү, жарашыгы мыкты, көркөмдүү, келишимдүү, сулуу, кооз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрпөкө деген кыз экен, / Даңкы менен Шооруктун, / Накылай деп калышты, / Көрктүүсү кыздын ушу экен, / Көрпөкөнү Чубакка, / Жубай кыла салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бай Жакып карап туруптур, / Кыйырынан көз салып, / Көрктүү экен Арууке, / Кыргоолдой болуп суйкайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сымбаттуу тууган Тынымкан, / Сүлөөсүн бөрктүү Жүзүмкан, / Көрктүү сулуу Урумкан, / Мурунку көп сулуудан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көрктүү талаа кенен жер, / Ал талаада эркинче, / Өткөн экен нечендер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Заңкайган Алатооңдон, / Залкайган терең кооңдон, / Какжырап жаткан чөлүңдөн, / Мелтиреп жаткан көлүңдөн, / Төшүн жайып дагдайып, / Кеңирсип жаткан төрүңдөн, / Байчечекей жайнаган, / Саймадан көрктүү бүрүңдөн, / Сан-санаксыз кубулган, / Көз жалтанган гүлүңдөн, / Урмат менен суранам, / Упурак болуп муңайам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →