көркоо
- Көрдү ачып жегич жырткыч (көбүнчө карышкыр).
- өт. Элге ырайымы жок эзүүчү, зулум, эл жегич.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көңүлүмө толбоду, / Көркоо Чыңгыш бергениң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каракан кызы Каныкей, / Катындан чыккан уз эле, / Камка тондун тышы эле, / Ак калпак элге эне эле, / Ак олпок тонго жең эле, / Түркүктөй элге бел эле, / Акылдын чыккан кени эле, / Сүт урган көркоо Канчоро, / Эмчегин эмген дээр эле, / Кадырын суттун кыларбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Агаңа барып кеңешип, / Ай балта кылыч, найзанын, / Курчутуп мизин эгешип, / Атанын уулу болгон соң, / Тууган кылып койгон соң, / Каралды болуп бергиле, / Жат душманга теңдешип, / Күрөшөлү айанбай, / Көркоолор менен белдешип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →