көпөс
- сүйл. Жеке менчик соода ишканасынын ээси.
- өт. Бай, ач көз адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жалгыз гана Каркырадан отуз чакырымдай бери, Кызыл-Кыядан ары — Кутурган булакта «почточу Метирей» деген чоң көпөс бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бул шордууну Бейшемби бүгүн Башариндин көпөсүн тартам деп минип барып, курутуп келген.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жердин баарын басып жаткан көпөстөр менен, жалгыз үйлүү жардылар наликти бирдей тарттык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондо «Сары орустун баары орус» деп, орус аттуунун баарын жоолабай, элүү жыл эзген залим падышага, андан калса көпөс байларга каршы чаппады беле?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Адегенде мунун түспөлүн илгери Кутурган булакта почто тартып туруучу Метрей көпөскө окшоттум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →