көпөлөк

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Көлөмү, түсү жагынан ар түрдүү, кош канаты бар кичинекей жандык.
  2. өт. Баланы эркелетүүдө, жалынып жалбарууда колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таабалды менен Матанды, / Караган адам таң калды, / Көпөлөктөй Таабалды, / Эбелектей айланды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…куп жатамын, / Кыйналып араң келипсиң, / Душмандын тартып азабын, / Аман болсо көрөсүң, / Жалгыз уулуң ыраатын, / Жүргүнүң кетели, / Койчу, арыстан, сурадым, / Көпөлөгүң мынаке, / Көп кечигип турбагын, / — Койчу, Каныш, алып кел, / Алкымынан жыттайын, / Көрсөтпөсөң баш жагын, / Көтөнүнөн жыттайын, / Баланы катып койнуна, / Жыла… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейтек менен Гүлүстү, / Ээрчитип Бакай зор чыгып, / Жердин бети мемиреп, / Гүлдөр жайнап мелтиреп, / Көпөлөк учуп делдеңдеп, / Жан-жаныбар калбастан, / Таластын ээси келди, деп, / Жайылып чыкты сербеңдеп, / Көз илешпей нечеси, / Жүгүрүп жүрөт эрбеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айдап кара көпөлөк, / Азапка казак калышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көпөлөк учуп, гүл жайнап, / Булбул сайрап, тил безеп, / Жан-жаныбар кыбырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →