көпчүк
- Ээрдин үстүн гана жапкыдай кичине, чакан жана жука кылып жасалган көрпөчө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Тазбаймат ишке жарайт, деп, / Тазбайматты колго алды, / Атын берип алдады, / Эбине аны келтирип, / Тонун берип жалдады, / Эшиктен кирсе шарт туруп, / Урматтап көпчүк салганы, / Сүрсүгөн эттен дайардап, / Тапканын туура кармады, / Аты-тону турмайлык, / Өздөрүн айап калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
деп, / Алдынан тоссок экен, деп / Жаңжүндөн кыркы чогулуп, / Алтымыш амбал жам кылып, / Алтындан соккон араба, / Амбалдардын мойнунда, / Алдыма көпчүк салдырып, / Бар керегин так кылып, / Күтүнгөн экен кам кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →