көнүмүш
- Көнгөн, үйрөнгөн адат, өнөкөт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Элебестин күйүк сөздөрү эзелтен кулакка сиңип, көнүмүш болуп калгандыктан үйдөгүлөр аны көп элес да кылбайт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Элебес баягы көнүмүш көр жемесине салып, толуп жаткан эле мага тийиштүү бирдемелерди айтып жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Алдыбызга күндөгү көнүмүш кара кийизди жая салып, үстүнө бир жаман жуурканды таштай коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →