көмөлөн

китептерде 20 жолу, 9 китепте
  1. Бет алдынан кетип жыгылуу, үстөмөнүнөн түшүү, көмкөрөсүнөн жатып калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Туурасынан келгенин, / Чарпып тартты Майтору, / Алтымышча көп дөбөт, / Көмөлөнүп торойду, / Кара жаак булдурсун, / Кармай алды Бекбача, / Камчыны булгап ийгенде, / Канча итке тийгенде, / Оро-пара көп дөбөт, / Айрыкчасы көк дөбөт, / Тиши чыг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көрүп туруп Мөңкөтай, / Көмөлөнүп жыгылды, / Ордунан тура калганда, / Оозунан каны куйулду, / Тик туралбай темтеңдеп, / Бир үйгө барып урунду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…бак баатырга, / Качырып келип тийиптир, / Тектүү найза эн темир, / Эрен Чубак баатырдын, / Майсооруга кириптир, / Күчтүү найза жеткени, / Көктекеден көзүрүң, / Көмөлөнүп кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бир жерде жүктүү мал агып бараткан, бир жерде элечеги чубалып, бешиктүү катын агып келе жаткан, бир жерде өлүп, суунун четине тырайып чыгып калган, бир жерде көмөлөнүп сууга кетип бараткан баласына чыркырап түшө калып жаткан, бир жерде селейген өлүгүнүн жанында боздоп турган... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көтөрө албайт, көтөрүп тура калайын дегенде, башынан ашып көмөлөнүп кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →