көмөлдүрүк

китептерде 8 жолу, 4 китепте
  1. Ээрдин артка кетип калбас үчүн ээрге бекитилген аттын омуроосуна тартылуучу кайыштан жасалган ат жабдыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жытты байкап караса, / Кеңкуланын жонунда, / Оңдоп токуп минем деп, / Ээрин сыйрып алганы, / Куйушкан, тердик, жүгөндүн, / Көмөлдүрүк, олоңдун, / Ордунда тери калбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ажаттын кара суусуна, / Тору айгыр жетти ушуга, / Көнүк болгон түгөнгүр, / Асманды карай учканда, / Көмөлдүрүк, артайлы, / Катары менен үзүлүп, / Каалгып барып Карагул, / Кара сууга шалп этип, / Түшкөн жерде жоголуп, / Таш ургандай чулп этип, / Суучул көнүк Карагул, / Суу менен сызды жылт этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ын жерге мылгытып, / Ооздугун каккылап, / Тал жибектей куйругун, / Чаткайакка чапкылап, / Таманы жерде тарсылдап, / Кара темир ооздук, / Көмөкөйдө карсылдап, / Көмөлдүрүк көрчөгө, / Көөдөнүндө жаркылдап, / Ошол заман баатыры - / Опол тоодой Манасты, / Омурткача элебей, / Опсуз чуркап ченебей, / Баскан таштар быркырап, / Учкан ку… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Төрт айагы тик түшүп, / Көмөлдүрүк сом алтын, / Омуроодо такылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Куйуштуруп токуган, / Көмөлдүрүк баары алтын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →