көмүскө
- Көрүнбөгөн, далдаа жерде турган, жашыруун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көмүскөдөн Бекбача, / Көкжалың жете барыптыр, / Жолборстун көрүп түрпөтүн, / Көпчүлүк эстен таныптыр, / Жеткен жерде Таңгыттан,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кууп барса Кененим, / Кол куушуруп турбайлы, / Эси жок уруш кылбайлы, / Бир-бирден чыгып жекеге, / Көмүскөдө көрүнбөй, / Экөөбүз бугуп туралы, / Алдын тосуп амалдап, / Ошондой уруш кылалы, / Кененимдин эбин таап, / Көмө сайып жыгалы, / Кененим колго тийгенде, / Таласт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Көмүскөгө байлап кел, / Бошонуп кетип калат, деп, / Мажикти баатыр жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…Барбактаган Тапактын, / Эми күчүн көрөйүн, / Эрдемсиген Тапакты, / Элди бузган Чойтолоң, / Тазкара үчөөн найзага, / Илип алып жөнөйүн” / Деп өзүнчө ой кылып, / Көмүскө менен койгулап, / Көрүнбөстөн Сейитке, / Элди четтеп жөнөдү, / Куунайза элге көрүндү, / Кылчаңдабай эр Тапак, / Элден чыгып бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көрүп туруп Кыз Сайкал, / Көмүскө көздөй качканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →