көмүркөй
- Аспап, майда-чүйдө буюм-теримдер салына турган сандыкча.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ты чыкканда, / Өнөрпоздун бардыгы, / Өлгүчө чуркап шашылып, / Араа, балта, чот-керки, / Ала чуркап ашыгып, / Темирчи көөрүк көтөрүп, / Дөөшү менен барсканын, / Көмүркөй менен кычкачын, / Теңдеп таңып артынып, / Күйнөлбөй тез жүргүн, деп, / Көөрүкчүсүн чакырып, / Токсон миңче эрендер, / Токойго кирди жабырып, / Кырчындын барын …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көк кайкынын башына, / Көчүгүн койуп олтурду, / Көмүркөйдөй ташына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…Ар кандай ишти кылчу дейт, / Кайда барса кабылан, / Калбай ээрчип барчу дейт, / Талаадан талап олжо алса, / Так ортого салчу дейт, / Көзүнө көркөм мал болсо, / Көмүркөйдө зар болсо, / Мурун Көкчө алчу экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Жагалым алтындан көмүркөй жасатып, карындашын ошого салып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Чал капканына түшкөн бугуну союп, көтөрүп жүргөн көмүркөйүн алып үйүнө келет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →