көмүр1
- Күйгөн жыгачтын өчүрүлгөн чогу.
- Өсүмдүктөрдүн калдыктарынан пайда болгон, жерден казылып алынып, отунга жумшала турган кара түстөгү катуу отун.
- Сүрөт технологиясында – белгилүү бир сорттогу жыгачты күйгүзүү менен же атайын көмүр массасынан формага келтирилген жука таякча түрүндөгү сүрөт тартуучу материал.
- аңч. Мылтыктын дарысын ийлөөдө кошулуучу көмүр.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кержин жетти ат салып, / Келди калмак Кержин деп, / Кетпейт баатыр апкаарып, / Калдык хандын кебине, / Келген Кержин арданып, / Найзасын күүлөп көтөрүп, / Көмүр кара калмактын, / Эки бети көгөрүп, / Өжөрлөнүп алыптыр, / Же өлтүрөм, же өлөм, / Экинин бири болот деп, / Качырып урду найзасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чапканына чыдабай, / Чандан уста кырылат, / Көрүгүнө чыдабай, / Көп букалар сойулат, / Көмүрүнө чыдабай, / Көөнө токой жойулат, / Сугатына чыдабай, / Көлдүн суусу соолот.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Шириден күптү жасатып, / Көмүр менен кебекти, / Аралаша тундуруп, / Алтын менен күмүштү, / Арасына койдуруп, / Дат алдырбай катпасам, / Санаама жетип бай болбой, / Үйдө кантип мен жатам?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көмүрүнө чыдабай, / Көөнө токой жойулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Вазир сөөмөйүн ташка тийгизгенде, анын сөөмөйү капкара көмүр болуп күйүп калды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →