көлөкөлө
- Көлөкө кылуу, күндүн, айдын бетин тосуп, көлөкөсүн түшүрүү.
- Көлөкө түшкөн жерде болуу, көлөкөдө отуруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…очко дөө уулу, / Көйкап тоонун бетинде, / Акымдын уулу Акы дөө, / Шакымдын уулу Шатыке, / Атагы чыккан бул экөө, / Олтурганда тактада, / Күн нурунда көрүнүп, / Көлөкөлөп бөлүнүп, / Элөөсүздөн кабылып, / Көзүнө келип көрүнүп: / — Акы менен Шатыке, / Урматтуу улук эки дөө, / Учураша келдим мен, / Сулаймат хандын бир сөзүн, / Ала …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тымсак менен таш бака, / Аралап өткүс чөлүңдө, / Узуну келет жүз кулач, / Сары чаар жылан көлүндө, / Бугу менен маралы, / Көлөкөлөп жатышат, / Карагай, кайың түбүндө, / Аркар-кулжа аралаш, / Эчки,теке,боз кийик, / Жайнап жатат төрүндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көлөкөлөп отурду, / Коконун барып жанына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Аны бая жалбырак менен көлөкөлөп кеткенбиз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чачылып кеткен музоолордун баш аягын жыйнап, экиден, үчтөн болуп, топ-тобу менен көлөкөлөп жатып алгандарын тургузуп айдай баштадык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →