көлөкө

китептерде 25 жолу, 8 китепте
  1. Нерселер аркылуу жарыктан, нурдан тосулуп, далдааланып турган жай, орун жана ошол жарыкта турган нерсенин экинчи тараптагы тушуна түшкөн сөлөкөтү.
  2. өт. Өтө арык, начар, араң жан.
  3. өт. Далдаа, калканч, таяныч.
  4. өт. Бала, туяк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ысык жерде тердесе, / Биздин элдер кайтарып, / Көлөкө жерди бербесе. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баранды деген дарак бар, / Көлөкөсү далай бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айдалып чыккан Чачыкей, / Камышка барат мааналап, / Көлөкө бербей камыштар, / Эттерин тилет чапкылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бир кезде Беккулдун башы айландыбы айтор, кесип бараткан солунун башына жетпей туруп, өңү кубарып мындай чыкты да, дүкүйгөн бир шыраалжындын түбүндөгү көлөкөгө барып, ыкшыйып калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →