көлкүлдө

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Суу болгон теридей, чаначтай жибип, жупжумшак болуп калуу, былк-былк этүү.
  2. Катуу нерсе эрип, жибиген, мөлт-мөлт этип суюла баштаган абалга келүү.
  3. Кенен, чоң болуу (кийимге карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүткүл бойум көлкүлдөйт, / Сөөгүм такыр талканбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Асман эле тунарык, / Акырын кетип таралып, / Жаркырап тийип күн нуру, / Зыркырап сокпой жел турду, / Кардын алды көлкүлдөп, / Ала шалбырт суу толду, / Сел алмак эми болду, деп, / Оогандык ичи чуу болду, / Же агып кетпей бир жакка, / Колтуктан келген суу болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…нда, / Абасы түшүп эсине, / Каныкей менен Бакайдын, / Карааны көзгө элестеп, / Асман түшүп келатса, / Кенебеген Гүлчоро, / Оң бөйрөгү бүлкүлдөп, / Көзүндө жашы көлкүлдөп: / — Кой, Кутуке, кебиңди, / Кыскартпа эрлик демиңди, / Беш күнчөлүк дүйнөнүн, / Болсо да көп жабыры, / Суу ичет алтын айактан, / Өлбөгөн киши акыры. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бут шилтерге алым жок, / Бүткөн бойум көлкүлдөйт, / Баспай койор дарман жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ошондо сөөгү эрип, көлкүлдөп жумшап калат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →