көлдө

китептерде 27 жолу, 9 китепте
  1. Көбөйүү, көп болуп агуу, ашып-ташуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н, / Жаш агызып тургандан, / Жандай чуркап ыйлаган, / Келе жаткан жолуна, / Томолонуп жаткандан, / Арыз дартын айткандан, / Жер алдынан суу куйуп, / Үйдүн ичин көлдөткөн., / Мындайлардан камдаган, / Табакка алтын салгандан, / Алтын, күмүш зар эмес, / Жанын айап калбаган, / Албарстыча жалбарган, / Кетенчиктеп бүгүлгөн, / Келинде… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Деп ошентип Коңурбай, / Шыпшайдарга арз айтып, / Көзүнүн жашын көлдөтүп, / Турганда ыйлап дарт айтып, / Шыпшайдар турду муну айтып: Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара куназ, казы бар, / Илек – илек, суучулдук, / Көлдө жүрөт шуңгушуп, / Суусунда бар балыгы, / Кайырмага салылуу, / Аз болгондо ар күнү, / Бир илек балык алынуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ботосу өлгөн ингендей, / Бакайды кошо какшатып, / Арбагын элден бастатып, / Жол кайтартып чеп кылып, / Манасты билген Бакай, деп, / Абыке, Көбөш кек кылып, / Чыйырды, Бакай, Каныкей, / Көргүлүктү көрүптүр, / Көлдөтүп жашын төгүптүр, / Иттердин кылган ишине, / Амалы канча, көнүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ошондуктан биздин көз жашыбызды көлдөтүп сураган арыз-арманыбызды, ыракым этип, биздин башчыбызга жиберүүңүздү сурайбыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →