көл
- Кургактыктын табигый түрдө суу толуп калган чуңкур аянты.
- Суу толтурулган жасалма көлмө.
- сүйл. Ысык-Көл өрөөнү.
- өт. Мол, өтө көп.
- өт. Сабырдуу, оор басырыктуу, мүнөзү абдан токтоо, жоомарт, ак көңүл адам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Башын кесип албаптыр, / Сөөгү калган агарып, / Эттен неме калбаптыр, / «Барса барар каңгайга, / Жанбай экен аркага, / Калдыктын жүрбөй артынан, / Лопнурдун көлүн тосом деп, / Өлүшүнө Чакмакташ, / Мен себепчи баатырга,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сапты айак уйул тал болсун, / Кымызың мүрөк бал болсун, / Сапты айактын чоңдугу, / Көк казанга тең болсун, / Ичиндеки кымызы, / Аз болсо айдың көл болсун, / Кел чогулуп ичели, / Айкөл шерди биз эстеп, / Ичтеки муңду чечели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чалкалаган төр калды, / Чатыраган көл калды, / Суусуз нечен чөл калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →