көк бөрү

  1. Кыргыз, казак ж.б. элдердин улуттук оюну. Ат спортунун бир түрү. Улак же серке мууздалып, баш, шыйрагы кесилип ташталат. Улакчылар жакшы атка минишип, бирдей санда эки жаатка бөлүнөт. Оюндун максаты жерге ташталган улакты эңип алып, атаандаштарга тарттырбастан белгиленген жерге алып келип таштоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.