көкөлө

китептерде 24 жолу, 7 китепте
  1. Көккө карай көтөрүлүү, асмандоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көккө чыгып көкөлөп, / Көк кептер болуп учат дейт, / Балык болуп бирерде, / Деңиздерде сызат дейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айланайын абаке, / Эрикпей жолду караңыз, / Көкөлөп учпай куу өрдөк, / Канатын кагып кыпылдап, / Жер сыдырып зыпылдап, / Түшкүндөй камчынын, / Аркасынан чаң чыгат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
кылып, / Баштап келип алашты, / Бул олтурган онуңду, / Как бооруңан тилбесем, / Бириңди салбай бириңе, / Көк менен сызып учпасам, / Көгүчкөн болуп сызбасам, / Көкөлөп учуп чыкпасам, / Кара Кырым, Каңгайга, / Каталаң деген калдайга, / Барып кабар айтпасам, / Калкайтып кара кошуунун, / Алып келип бул жерге, / Уугуңду шиш кылып… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Үн алышып боз торгой, / Көкөлөп учуп, көп сайрап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
жылкы, / Жайыттан таап алар, — деп, / Аксакалдар айтты го, / Чатак болбо, балам, деп, / Кетти деп качып Калдуубет, / Кантип элге барам, — деп, / Асманга чыкса көкөлөп, / Тамандан тартып алам, — деп, / Жерге кирсе көмүлүп, / Кулактан тартып чыгам, — деп, / Таласка кетсе элге жай, / Калдуубет жатып жай албайт, / Дагы чатак таб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →