көкүт

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Эрегиштирүү, кайраштыруу, тукуруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көкүтүп көккө көтөрүп, / Алжырга берди нөөмөттү, / Кем-керчи жок камынтып, / Кең майданга жөнөттү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…өдө эки катын бар, / Агеркеч аттуу чоңу бар, / Алмамбет менен ойнош, деп, / Ушак тапты казактар, / Буудайбек – кичи катыны, / Бузуктар аны табышты, / Абдан аны көкүтүп, / Арасына алышты: / Жыйын куруу шылтоосу, / Чогула келип калышты, / Эл баштыгы алтымыш, / Эр Көкчөнүн залдары, / Арактан берип Көкчөгө, / Мас кылып аны салышт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ыбыке жигиттерин көкүтүп, тукуруп коюп, болуп жаткан жоруктарга көз сугарып, камчысын ээринин кашына таяп, кесирленип, ат үстүндө гана карап турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →