көкүл

китептерде 60 жолу, 8 китепте
  1. Жылкынын маңдай жагына түшүп турган кылы (жалдын уландысы).
  2. Маңдайдан чекеге түшүрүлүп коюлган кыска чач.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ан, / Кырк – элүүдөн кишини, / Катар чаап таштаган, / Өзү кытай элинен, / Укмуштуу чыкан жеринен, / Мала кашка ат минип, / Ат куйргун чарт түйүп, / Көккө шүйүп көкүлүн, / Күркүрөтүп найзасын, / Сайып көнгөн канчасын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кол астында эр жалгыз, / Чабдар күрөң ат минген, / Куйругун ача шарт түйгөн, / Жеңишке салчу күлүктөй, / Көкүлүн көккө шүйдүргөн, / Бар кийгени темирден, / Күн чагылып жаркылдайт, / Кара бойу кем эмес, / Кара тоонун сеңирден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кендирбайдын Керкөкүл, / Келберсиген эр Көкүл, / Жардай сары ат минип, / Жан айабай бир тийип, / Бара жатса бир жактан, / Алты калдай, он балбан, / Кесе дөөсү баштаган, / Кесе дөөсү Кошойду, / Көмө сайып таштаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Орусханга Зулпуке: / — Сен, боз улан жаш чакта, / Мен беш көкүл кыз чакта, / Мен баскан изди сен көрсөң, / Турчусуң тиктеп күнү-түн, / Сен ойногон жыгачты, / Тамак ичпей, наар сызбай, / Кучактагам үч күн-түн, / Өзүңдөй көр ар ишти, / Эч ким тосуп койо албайт, / Оңой эле бул ишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Алдындагы Буурулдун, / Көкүлүндө шам күйүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →