көктө1
- Жалбырагы, сабагы көгөрүү, көпкөк болуп өсүү, сеңселүү.
- Жазгы көктү оттоо, көк жерге жайылуу (малга карата айтылат).
- Малга көктөм маалындагы көктү, жайытты жедирүү, оттотуу үчүн белгилүү жайга конуп отуруу (малчыларга карата айтылат).
- өт. Өсүп-өнүү, иши оңолуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Өтүп кетип чоң Чынар, / Муратка найза тийгенин, / Тийбегенин биле албай, / Кылчайып артын бир карап, / Муратты көрүп ат менен, / Оозун ачып аркырап, / Көк буу көктө буркурап, / Көзүнөн чыккан жалыны, / Учкундай болуп чыркырап, / От күйгөндөй шыркырап, / Жана жетти Муратка, / Сайамын деп чукулдап, / Өзүбектин эр Мурат, / На…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чарайнасы чатырап, / Быркырады Саранжа, / Саранжанын найзасы, / Кененимге тийгенде, / Канча барча бөлүндү, / Сыныктары чыркырап, / Көктө учуп көрүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Адырда малың алты сан, / Алтының аккан суу болсун, / Таалайлуу болуп эл көктөп, / Тагыңа өчпөс кут консун, / Оомийин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колума тийсе намысым, / Колуңду артсаң мойнума, / Бышып турган дарбызмын, / Узакка барбай кубарат, / Күз көктөгөн алысын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Көктө тийген күн урсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →