көктүк

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Өжөрлүк, кежирлик, айтканынан кайтпагандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара көктүк сен кылып, / Жалгыз уулга кыйбасаң, / Туура келбес, атаке, / Тукумуң тирүү мен турсам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көктүгүн көрчү Сейиттин, / Жалгыз келди бизге, деп / Кумсар менен шуркуйа, / Сыйкырлап салды жалынды, / Эр Куткарбас, Тапан хан, / Жолун тосуп Сейиттин, / Урушууга камынды, / Жалтанбаган шер Сейит, / Сур жолборстой чамынды, / Бучкагына теңебей, / Алоолонгон жалынды, / Жеткен жерде аңтарды, / Кары Тапан залымды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кастап келген Калдуубет, / Кан ичме өзү, кара нээт, / Күн батыштын жагынан, / Көктүк кылып бул чочко, / Келген далай эрди жеп, / Кара калпак, түркмөндөн, / Карсылдашып келгенден, / Өзүбек, тажик, калчадан, / Андай нечен канчадан, / Оройу суук ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →