көксө

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Бир нерсени тилек кылып эңсөө, самоо, жеткиси келип тилөө, кумарлануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Абылтай түндө жөнөдү, / Муну киши көрбөдү, / Жетимиш жашта Абылтай, / Ал кыргыздын өрнөгү, / Карангыда калдаңдап, / Самаркан көздөй кетиптир, / Күндүзү жатып түн жүрүп, / Көксөгөн ойго жетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…кун ханга бердим, — деп, / Мыкты болсоң, Чынаача, / Дагы бир күн келгин, — деп, / Ошол күнү дагы бар, / Ошол Манас менмин, — деп, / Көкчөкөздү көрсөм, — деп, / Көксөп Көкжал желпинет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Теминип тулпар элирткен, / Канчорону жоготуп, / Көксөсүн баскан демиккен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Биздин ырысыбыз чорт кесилип, ала жаздай көксөп келген, тоодой талап бир күн өрт өчкөндөй болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Балким ушу неме да биз Көлдү көксөп бараткандай, Үрүмчү, Кулжага жетсем деп, эки көзү чачырап бараткан неме болор. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →