көйнөк

китептерде 129 жолу, 10 китепте
  1. Күрмө, кемсел сыяктуу сырт кийимдердин астынан кийилүүчү жалаң кат кийим.Өтүгүндө така жок, Көйнөгүндө жака жок (Калмырза).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтканындай кылышты, / Нурзат бааша тапшырды, / Жинди издеп табышты, / Бекбачага көйнөктү, / Алып келип атайын, / Перилер кайта жанышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимдин кийгени, / Жүйрүн дөөнүн көйнөгү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Туруп калып шылыйып, / Өзүнчө күлүп мылыйып, / Көйнөгүн чечип ыргытып, / Жыпжылаңач бул бетпак, / Жана болду тырмалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таштап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ушуну менен баягы кыз көйнөктү алып, көзүнүн жашын көл кылып, эки эжесинин артынан кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →