көйкөл
- Кооз, көркөм көрүнүштө болуу, жайкалуу, сенселүү, теңселүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көйкөлүп жаткан чөбүнө, / Көзү тойот көргөн жан, / Өнгөн дарак көбүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ушул кезде Бакайдын, / Элге айтып турушу: / — Каны суйук жаш балдар, / Көйкөлөң чалган шылкылдап, / Көөнү эркин мас балдар, / Кары үчүн акыл айтамын, / Баарың тегиз байкаңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бузбайлы мунун көркүн — деп, / Албайлы бойдун бөркүн» — деп, / Хан Кыйаз айтып болгунча, / Көйкөлө түшүп Семетей, / Коргошундай жылт этип, / Кайып болуп жоголду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ушунун кылда чокусуна жалгыз чыгып алып, эки жагыма карап, менден алда канча төмөн турган Башариндин үйүн көрүп, жер жүзүнөн тандап келип ушул жерге чыккандай, көйкөлгөн, сулуу чөптөрдү теңселтип, жибектей жылып турган таза желге, көкүрөгүмдү тосуп турганымда бир көңүлүм сергип, өзүм сансыз жылдан берки туткундуктан азат боло т…
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →