көй
- Мыкты, чыгаан, тандалган.
- Өңчөй, жалаң, абдан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көй бууданды өлтүрүп, / Көп баатырды жөө койуп, / Таанылмак экен турбайбы, / Өзү жалгыз дөө болуп, / Желмайан менен шуудуңгүт, / Эл оозунда макалда, / Өтө башка би…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Калмактын эли көбүрөөк, / Көйкашкалар көмүлүп, / Көп да болсо чөбүрөөк, / Майдасы калды, чоңу жок, / Кенже койдой чөбүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эгей, Шыгай – көй баатыр, / Эр Көкчө жыйып алганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…калактап эр Тапак, / Мына мындай деп айтат: / — Тапан хандын бул сөзү, / Бизге койгон чоң талап, / Үч күнгөчө Тапан хан, / Куткарбаска жалбарат, / Тапан хандын көй тилге, / Ал Куткарбас алданат, / Алты түрдүү эл менен, / Аргыган шамал жел менен, / Бизге келип чуу салат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сундуруп найза тартпаган, / Сумсайып жоодон качпаган, / Миңди көрсө шашпаган, / Көп экен — деп жазганбай, / Көөнүнчө жумуш баштаган, / Көй кашканын баарысын, / Бир сап кылып алды эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →