көзөл1

китептерде 16 жолу, 2 китепте
  1. Сулуу, көрктүү мыкты.
  2. Шумпай, шылуундугу бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тосор туулга жок болду, / Көзөл Көкчө оштонду, / Баштакыдан беш бетер, / Белсенип баатыр шоктонду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бул эмне шумдук, — деп, / Көзөл Чубак айкырып, / — Көп чоро, — деп бакырып, / Чубактын үнүн укканда, / Бардыгы чыкты шашылып, / Чоронун бары чогулуп, / Аттарын кармап жабылып, / Алдырашып камынды, / Үстүнө токум салышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ал аңгыча айкөл шер, / Аккула менен барганы, / Атырылта чабышып, / Жетип келди калганы, / Сараланы жетелеп, / Көзөл Чубак жайдары, / Алмаңдын көрүп жарасын, / Оор-жеңил чамасын: / — Эмне кылып бутуңду, / Сен ушинтип алгансың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Көрүнгөн көзгө бир башка, / Көзөл Чубак баласы, / Күркүрөгөн Канчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көзөл Көкчө хан атам, / Өлүп кетти ошондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →