көзүр
- Карта оюнунда башкысы катарында эсептелип, калган түрлөрдүн кайсынысын болсо да басууга жараган картанын түрү.
- Кандайдыр бир артыкчылыгы, үстөмдүгү же бир нерсеге, зарылдыгы болгон адамга карата айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арстан шерге жалбарып, / Күнү-түнү айттырып, / Ырчыларын алпарып, / Көк жал төрө Манастын, / Көрөсөн бакай абаңдын, / Көзүр Чубак Алмамбет, / Камал бузган алардын, / Жоодон качып коркпостон.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күчтүү тийген бул найза, / Колундакы кылычы, / Ыргып кетти капкайда, / Калдагай кулак Чойун алп, / Чокмор алар колу жок, / Өлбөй калар жолу жок, / Манастын уулу каракөк, / Өтө баатыр колу шок, / Көкжалдык эмей неткени, / Көзүрсүнгөн калмакты, / Көмө койуп өттү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Миң кубулуп ажары, / Анда Көкчө турбады, / Суук сөздүн баарысы, / Алмамбет көздөй чубады: / — Көзүрүм эрен сенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Абыке келди алкылдап, / Бакайдын башын көргөндө, / Көбөшкө карап баркылдап: / “Көзүр Көбүш сүйлөйсүң, / Көзүң чыкса билбейсиң, / Акмак Көбөш сүйлөйсүң, / Арың кетсе билбейсиң, / Арам чунак айбан ит, / Айткан сөзгө кирбейсиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Атамдын аты Бекбача, / Ааламды каптап сел келсе, / Айбыкпаган көп анча, / Көзүрлүгүң көрсөткөн, / Өчүгүшкөн көп ханга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →