көздөй2
- Белгилүү бир багытты карай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акырын айтып шыңк этип, / Эшикти көздөй бет алып, / Басты Көкөй кылт этип, / Билдирбей байкап торгойду, / Көзүнүн жээги жылт этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Коросон жагы бекиди, / Кишиси жок барарга, / Дабытай калды ойлонуп, / Индистан көздөй качарга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Миң кубулуп ажары, / Анда Көкчө турбады, / Суук сөздүн баарысы, / Алмамбет көздөй чубады: / — Көзүрүм эрен сенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошенткенде Беккул сокбилекти ыргытып жиберип, өңүн бузуп, эшикти көздөй өңгүрөп жөнөй берди эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Эртең дагы алып келем, – деп убада кылды.Султаналы бактын сол жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →