көздүү

китептерде 26 жолу, 8 китепте
  1. Көзү бар.
  2. Көрө алган, сокур эмес, көздөрү соо. Көздүү киши өзү эле көрүп тургудай жакын жерде жатат («Ала-Тоо»).
  3. Көзөнөктүү, тешиктүү, бир нече бөлүктүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыр мурундуу, көк көздүү, / Кишиге жагым бал сөздүү, / Бир өткөндө аралап, / Он алты киши калганы, / Андан башка балбанды, / Аңтара сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өткүр көздүү Чигитей, / Калемкаш жайын билиптир, / Көз жиберип байкады, / Мадананы караса, / Аш иче албай жатканы, / Айакты кылып көшөгө, / Астынан тиктеп кыз жакты, / Бат … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Казактын эли бузулуп, / Жапандакы кызыл дөө, / Жалгыз көздүү Мадыкан, / Нескаранын Жубатай, / Мурадилдин Каратай, / Калмактардын Уусанген, / Калбай келип баарысы, / Бирөө тирүү калбады, / Семетейдин ошондо, / Абдан ачты арбагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Күүгүм туман көздүү экен, / Майлаган буудай жүздүү экен, / Ачуусу келсе кокустан, / Азырейил түстүү экен, / Кулагын көр калкандай, / Тийчүүдөй турат жалтанбай, / Кулжуңдашкан киши… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Манаска ыйлап эл барды, / Теңдикке келбей Бадыкүл, / Эрдемсип болбой кектешип, / Манастан өлүп калганы, / Бойунда калган болуучу, / Бадыкүлдүн алганы, / Жалгыз көздүү бала экен, / Басташпайт киши буга, деп, / Мадыкүл атка конуптур, / Чоңойгондо Бадыкүл, / Опсуз балбан болуптур, / Атасынан бешбетер, / Бет алган жакты соруптур… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →