көгөндө
- Көгөнгө байлоо, тизүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Былкылдатпай Көңтөйдүн / Коросонун басты кыргыздар, / Желеден бээсин агытпай, / Желелерин түрдүрүп, / Желдетип жылкы сүрдүрүп, / Көгөндө козу байлалуу, / Корккон калмак байлары, / Койну кошуп өздөрүн, / Кокуйлатып айдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Белсазды ашып кыркууга, / Кийик уулап барганбыз, / Көкойдуңдун Кырчынга, / Бир үйлүү калмак калыптыр, / Калбаптыр бирөө ырымга, / Желеде кулун байлалуу, / Көгөндө козу байлалуу, / Торпоктор турат мөөрөшүп, / Инектер турат каңгырап, / Өкүрүшүп заңгырап, / Койлору турат маарашып, / Эчкилерден сүт агып, / Баккан ээсин карга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Топ киши кубалап козуларды көгөндөп болгончо кырдан аша коюп койлор да келип калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →