көгөн1

китептерде 5 жолу, 5 китепте
  1. Козу-улактарды, кээде кой-эчкилерди байлаш үчүн керип коюлган, майда буурчактары бар аркан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өңү кара көмүрдөй, / Көзү көпкөк көгөндөй, / Кең көкүрөк кууш айак, / Балбандык сыны бар турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көгөнү койдой конгондо, / Үзүктөй бүркүт болжолдуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көгөнүн теңдеп арттырып, / Комдолуу нарча төө менен, / Ээрчитип кулун бээ минген, / Унаасы жок жөө жүргөн, / Тайагы бар жөө менен, / Уй айдамак, кой алмак, / Жөлөнбөй … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— Бая Сасбактын баласы ала качып жүрүп ушинтип койду,— дедим мен койдун мойнунан кармап туруп, көгөндөгү козуларды карап калып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →