көбөй
- Көп болуу, арбуу, өөрчүү, өнүгүү, күч алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ойуна алды Бекбача: / “Карапайым Букара, / Буларда жок эч жазык, / Күндөн-күнгө көбөйтүп, / Мен жүрбөйүн кан чачып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…абышты, / Отордун уулу он тогуз, / Өлтүрүп булар салышты, / Хан Калдыктын саркынды, / Түп тамыры үзүлдү, / Түгөтүп кыргыз бүтүрдү, / Ошондон кийин каңгайдын, / Көбөйүп келет түтүнү, / Ач көзүн элге сатпаган, / Ак калпак кыргыз эли, деп, / Каңгайдын белин ашпаган, / Каратил айткан кебинен, / Бүткүл каңгай кайтпаган, / Кыргызга…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Анык угуп Кененим, / Көбөйбөгөн аз жакта, / Коросон менен испандык, / Бүгүн менден пас жакта, / Колботуп кошуун кура элек, / Батыш менен чыгыштын - / Баарына кабар кыла элек, / Кур семирген буларды, / Кууратайын аны деп, / Антип келип калганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карап турса баатырлар, / Аскер чыкты талаага, / Бир тарабы кызарды, / Билсе жумуш узарды; / Бир тарабы көгөрдү, / Билсе жумуш көбөйдү; / Бир тарабы карарды, / Аскерге толуп жер калды; / Бир тарабы агарды, / Ааламдын баарын кол алды; / Бир тарабы саргарды, / Дөбөдө туруп эр Чубак, / Акылы качы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Саканы колуна алып, баласы экөө «Миң коюбуз эки миң болсо экен, элдин баарынан бай болсок экен, айланайын сака, тилегибизди бере көр» , – деп тилеп, экөө тең таң атканча койлор кантип көбөйөр экен деп тирмийип карап турат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →