көбүргөн1
- Жапайы пияз, тоо пиязынын бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Темир айтат мамындай: / — Көбүргөндөн жабырып, / Көп сүйлөбө сен, Дуулат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кында менен ашкыла, / Ак сай менен баскыла, / Көбүргөндү тайгакташ, / Ашуучу белиң басыраак, / Ара сырттан кетип кал, / Жүрө бербей тамталап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куйту күң келсе суйсалып, / Көбүргөн тунук суу алып, / Зор Алмамбет эр Көкчө, / Эрегишкен сурданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…түштү жолуна, / Арпа менен зырылдап, / Айнектей түздө дырылдап, / Үзүктүн белин ашыптыр, / Көрпөтоолоп басыптыр, / Чатыркөлдү кылаалап, / Кең Аксайды аралап, / Көбүргөндүн Корумташ, / Келинтайгак бел ашып, / Таракай менен айланып, / Жаңы жер менен Уланды, / Чөбү белден буралды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…рып, / Чокудан алыс таш уруп, / Желмогуз турду жапылдап, / Так кайырган комуздай, / Токтобой сүйлөп такылдап, / Шылдың кылган немедей, / Саның чаап шакылдап, / Көбүргөндөн жабырып, / Көтөрүп алып көөдөнүн, / Учуурчу каздай баркылдап, / Өзөндө сууну бойлогон, / Аңырдан бетер аңкылдап, / Кээ-кээде өзү ыржайып, / Кабаган иттей ажылд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →