көбүр
- Көбүктөнүү, көбүк чыгаруу, көбүк чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кээ бир аттын ээлери, / Жерге батпай кайкактап, / Кошоматчы андан көп, / Жарыша чапкан далбактап, / Дайынсыз сүйлөп көбүрүп, / Оозун тынбай жалжактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Калмактын эли көбүрөөк, / Көйкашкалар көмүлүп, / Көп да болсо чөбүрөөк, / Майдасы калды, чоңу жок, / Кенже койдой чөбүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…на элек, / Байгеге сайган мал-пулуң, / Керек эмес ушунуң, / Кимиң алсаң, аның ал, / Чатагы жок бөлүп ал, / Сенин камчың болбосо, / Жыга албайт элем, кабылан, / Көбүрөөгүн өзүң ал,- / Агыштан угуп бар кепти, / Байгени бөлүп эл кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз элиме, / Меникинен сеники, / Көбүрөөк өттү эмгегиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ак боз бээни баш кылып, / Көбүрөөк кылсаң түлөөнү, / Кечирет кудай күнөөнү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →