көбүк

китептерде 84 жолу, 8 китепте
  1. Суюк заттардын бетине кайнаганда, чайкалганда же ачыганда көбүрүп чыгуучу, көбүнчө ак түстөгү масса.
  2. Көбүргөн массага айланган самындын эритиндиси.
  3. Кээ бир жаныбарлар көбүнчө жылкы өтө чарчаганда, жүгүрүп талыкканда тер менен кошо көбүрүп чыккан агыш зат.
  4. Ооздон көбүктөнүп чыккан шилекей.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кымызын чайкап бал ичип, / Өз үйүңдө жай жатсаң, / Көтөрүп тууну түшүрүп, / Көбүк кардай ак шордо, / Күүлдөгөн Отордун, / Көөдөндөн канын агызсам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кабааган иттей арсылдап, / Азуулары кычырап, / Жулкунуп турат токтобой, / Ооздорунан көбүгү, / Ууртунан агып буртулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эңиш тарта бастырып, / Чыйрыгып сууган аттары, / Оозунан көбүк чачтырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдында минген кызыл лөк, / Жүрүшү мунун бир бөлөк, / Төрт таманы талпылдап, / Жатканы кумду сапырат, / Эки көзү жаркырап, / Азуулары качырап, / Ууртунан көбүк буртулдап, / Минген ээси Терекбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →