күүлөн

китептерде 157 жолу, 9 китепте
  1. Катуу күүгө, кыймылга келүү, инерция боюнча кетүү, жөнөө.
  2. Күч алуу, күчөө, күчкө келүү, алга умтулуу.
  3. Опурулуу, күчөнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошондо баатыр шер Манас, / Ачууланып күүлөндү, / Элүү төрт илек кол айдап, / Бейжинге ырас киргени, / Ошондон чатак арбыды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
- / Деп күүлөнүп күжүлдөп, / Көк камандай күркүрөп, / Айжаңжүндөн кайраты, / Артылып ачуу айбаты, / Алтымыш миң аскерин, / Дүркүрөтүп айдадаы: / Барабан уруп, баң тартып, / Көчөнүн ичин чаң басып, / Олчойуп жөнөп калган кез, / Айжаңжүн кошо аттанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абаң семей аттанып, / Беттеп чыкты бетбакка, / Тай буурул менен шаңданып, / Кутургур келди күүлөнүп, / Ойду-дөңдү сүйлөнүп: / — Жарам жок менин сак болдум, / Семетей, бүгүн жоголдуң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Канчоро анда күүлөнүп, / Каныкейге сүйлөнүп: / «Карыганча какжаңдап, / Калбады сенин дүмөгүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Атасынын көрү, солдатка баргыча ушул жерден эле өлүп беребиз — деп күүлөнөт бир кур боз балдар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →