күүлө
- Күүгө келтирүү, белгилүү бир күүнү чертүү үчүн ылайыктоо.
- Сермөө (мис. канатты), ары-бери кыймылдатуу, кыймылга, аракетке келтирүү; шилтөө.
- Күчөтүү, алга сүрөө, дем берүү, шыкак берүү.
- Кээ бир жаныбарлардын ургаачылары тукумдашууну самоо, эркегин эңсөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күүлөп-күүлөп булгалап, / Буркун, буркун, буркун, деп, / Атын айтпай Ламалап, / Бекбачаны көмө чаап,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өйүзү сеңир ак урчук, / Жээн жайлоонун чоң тумшук, / Күүлөп-күүлөп имерди, / Урчукка койуп жиберди, / Урчуктун ташын камдады, / Өчөшкөн калмак Отордун, / Эти турмай сөөгүнүн, / Дегеле дайны калбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Камчылап атын чуратып, / Артынан чаңын чубалтып, / Найзасын күүлөп бакырып, / Үчөө келет бакырып, / Бир тарапка Кененим, / Чыга берди булт койуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч, / Найзасын күүлөп булгалап, / Казыдай мойну узарып,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро менен Кутургур, / Найзаларын кагышып, / Качпай туруп салышып, / Күүлөп найза сунушуп, / Күчү менен урушуп, / Олпокторун булушуп, / Жан айабай урушуп, / Жаактарын жарышып, / Гүлчородо бадана, / Кутургурдун соту жок, / Денеси таштап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →