күүлүү
- Кайраттуу, алдан-күчтөн тайбаган (көбүнчө кары адамдар жөнүндө).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бүгүндөн баштап урушмак, / Эр сайышып көгөрүп, / Баатырлар кийип башына, / Туулгасын чөмөрүп, / Сүр көрсөтүп өзүнчө, / Күүлүү найза өңөрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чиктей хандын эр Сакта, / Ээрдин кесе тиштенип, / Аманат жанга күч келип, / Жана тийди айкырып, / Найзасын булгап кезкерип, / Салтанаттуу кара көк, / Амалы журттан бөпбөлөк, / Күүлүү келген найзаны, / Сайдырбастан какканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күүлөп найза сундуруп, / Күүлүү найза сунганда, / Күркүрөгөн үн чыгып, / Төбө чачы тиктенип, / Жаактын жүнү үксүйүп, / Көрсөтөм деп эрдигин, / Кара жанга күч келип, / Куткарбастан акырып, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кайдан билдим, абаке, / Күүлүү найза жарганын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…/ Туңжуруң сайган бул найза, / Канча заман талаада, / Артылып жатып бир ташка, / Жашыгы алып курч калып, / Өткүр болгон куу найза, / Капталга муштап ийгенде, / Күүлүү барып тийгенде, / Оң бөйрөктүн өзүнө, / Учу барып тийди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →