күүгүмдө
- Күүгүм тартуу, ачык, даана көрүнбөө, күңүрттөнүү, күңүрттөнүп, караңгыланып көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененим келер күнүндө, / Мурунку күнү күүгүмдө, / Ажырашып баарысы, / Үч тарапка бет алып, / Булар жөнөп калышты, / Алыстан келген Кененим, / Испандын жолун жакалап, / Тууралап жөнөп алыптыр, / Келаткан уту…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Кеткен болчу күүгүмдө, / Аттанып кетти күдүңдө, / Арстаныңар жаткандыр, / Токолунун үйүндө!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Уктагандай ойгонуп, / Артын карап толгонуп, / Көзү көрбөй күүгүмдөп, / Чойтолоң турат чолтойуп, / Эр Сейити көрүнбөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ — Деп, ошентип Гүлчоро, / Күүгүмдөп козу тунарып, / Каарланып Канчоро, / Күчү күчкө уланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →