күүгүм

китептерде 105 жолу, 10 китепте
  1. Күн баткандан кийинки, түн киргенге чейинки караңгы түшө баштаган мезгил, каш карайып, көз байланып калган кез.
  2. Болор-болбос гана жарык, ачык эмес, даана эмес, күңүрт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…а кийгени, / Көл темирге окшоду, / Жеке баатыр эр болду, / Жер жайнаган беш урук, / Талаада калың эл болду, / Талаада жүргөн атын таап, / Телегейи тең болду, / Күүгүм кирип күдүңдөп, / Көз байланган кез болду, / Талаадан тапкан сур аты, / Жүгүргөнү тез болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күүгүм кирди бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күдүңдөп, / Аттанып баатыр жөнөдү, / Арттырып кийик эттерин, / Мажикти бастыр, жүргүн, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кара дөө ыйлап турганда, / Күңгүрөнүп сүйлөдү, / Кээсин укту Кара дөө, / Кээсин угуп билбеди, / — Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын, / Кээде тилим күрмөлөт, / Кээде тилим күрмөлбөйт, / Кээде көзүм жарк этет, / Кээде көзүм күүгүмдөйт / Көзүмө ачык көрүнбөй, / Жердин бети күдүңдөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Күүгүм кире электе элиңиз жатсын, өзүңүз да ошентиңиз – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →