күңүрт

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Өңү-түсү жагынан анчалык даана, айкын эмес, көрүнүшү, тунуктугу, ачыкжарыктыгы жагынан тунарыңкы, түнөрүңкү.
  2. Үнү, дабышы, угулушу, сүйлөгөнү ж.б. жагынан анчалык даана эмес, басыңкы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Баягыда биз отун алуучу калың токойду аралап, күңүрт тартып үн-сөз жок кетип барабыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Коломтодо чок күйүп болуп, акырын гана карарып, күңүрт тартып барат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бирок кеткенде абалыбыз эмне болот, жолду таап бара алабызбы, нече күндүк жер, жолду катар эл болуп отурабы, ач болобузбу, ток болобузбу, аман-эсен жетебизби — ушул жактары мага күңүрт эле. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →