күңкүлдө

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Мааниси ачык, түшүнүктүү болбогон кеп салуу, сөздү таасын, угуза айтпай, өзүнчө бирдемелерди кобураган болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тоодой болгон чоң дөбөт, / Тоо жылгандай сүлкүлдөп, / Салмагына чыдабай, / Жер козголуп дүңкүлдөп, / Токтобогон ойнок жар, / Тоо көчкөндөй калдырап, / Адам тилин билбеген, / Кара нээт бул айбан, / Өзүнчө сүйлөп күңкүлдөп, / Күңгүрөнүп күбүрөп, / Кирген суудай күжүлдөп, / Кирип келди майданга, / Туура тартып маңдайда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Беттей албай күңкүлдөп, / Каарданган эчендер, / Тузакка түшкөн эмедей, / Кеп кутулбас чечендер, / Адамдан чыккан нурдуулар, / Сүйлөсө сөзү муңдуулар... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
- / Ачык айтпай Мурадил, / Күңкүлдөп мындай деди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Акырын гана күңкүлдөп, бирдемени кобурап отурушат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бизди шылдыңдаганды кудай шылдыңдап калсын!..— деп күңкүлдөп сүйлөнүп отуруптур. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →