күңкүл
- Эмне экени ачык, даана болбогон, мааниси түшүнүксүз болгон тунгуюк кептер, ачыкка чыкпастан, астыртан тымызын айтылып жүргөн имиш-имиш, күбүр-шыбыр, тууралыгы текшерилбеген, аныкталбаган сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Салмагынан кара жер, / Жарылчудай дүңкүлдөйт, / Жерден чыккан доңуздай, / Үнү алкымда күңкүлдөйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чукул келди Алмамбет, / Бир неме уруп дүмпүлдөйт, / Баа-чаасы өтө арбындуу, / Угулбай ачык күңкүлдөйт, / Көрүм көргөн бакшыдан, / Беш алтоо бардай кептенди, / Аттуу туруп Алмамбет: / — Арстан барбы мында?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мен койду короого камап, эшигин бекитип жатканымда Мамирмазин үйүнө кирип кетип, катыны менен күңкүлдөшүп калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Анда-санда бирдемелерди күңкүлдөшүп коюп, төртөөбүз бир жерде отурабыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →