күңгүрө

китептерде 60 жолу, 10 китепте
  1. Күнгүр-күңгүр этүү, күңгүрлөө.
  2. Өзүнчө күңгүрөнүп сүйлөй берүү, күңкүлдөгөн күңүрт үн чыгаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ «Кирин жууду Медеркан, / Айтып берди баарын, — деп, / Жашырып жүрүп кеп айтпай, / Жалтанып жүрүп өлдүм, — деп, / Аз элде тагдыр шол белем, / Азабын эми көрдүм» — деп, / Өзүнчө сүйлөп кобурап, / Билинбей тили күңгүрөп, / Араң кетип баратса, / Сүрөтү мунун сүлдүрөп, / Учурап калды Чигитей, / Ач жолборстой күркүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Башын жерден көтөрүп, / Тапак өөдө болгону, / Баш көтөрүп үлдүрөп, / Өзүнчө сүйлөп күңгүрөп: / — Атым Тапак болголу, / Тапак атка конголу, / Мени менен бет маңдай, / Келген баатыр болбоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кара дөө ыйлап турганда, / Күңгүрөнүп сүйлөдү, / Кээсин укту Кара дөө, / Кээсин угуп билбеди, / — Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын, / Кээде тилим күрмөлөт, / Кээде тилим күрмөлбөйт, / Кээде көзүм жарк этет, / Кээде көзүм күүгүмдөйт / Көзүмө ачык көрүнбөй, / Жердин бети күдүңдөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ал кошунду көргөндө, / Күнгүрөнүп Семетей, / «Каныкей айткан сөз келди, / Ажал,өлүм тез келди, / Көрдүңөрбү» — деди эле? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Анда жер күңгүрөнүп тилге келди: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →