күшүлдө
- Күш-күш эткен дабыш чыгарып оор дем алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кызыл уйду кайра тосуп келе жатсам, артынан жандай бир тобу күшүлдөп жетип калыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Аттарын күшүлдөтүп, энтиктирген бойдон үйдүн жанына келип токтоду да, тыштан унчугуп, Бейшембини чакырып алып, адегенде эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир убакта Кара дөө күшүлдөп-бышылдап келет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →