күчүк
- Иттин жана карышкырдын баласы.
- Дарактардын же өсүмдүктөрдүн бүр ачууга жакындаган мезгилиндеги майда-майда бүртүктөрү.
- өт. сүйл. Баланы эркелетүүдө колдонулуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эңкейип эки күчүктү, / Салып алды баштыка, / Туптуура кубат калбады, / Таласка кетип калууга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жалгыз күчүк тууптур, / Алып барып күчүктү, / Зайыбынын салып алдына, / Кайыпчал айтты зайыбына: / — Сен төрөдүң жети кыз, / Жетинчиси ушул кыз, / Баарысын алды Шукшур дөө, / Баласы жок жүрөбүз, / Ар жылы отко күйөбүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алар антип жүргөндө, / Араң жаткан Ойротту, / Күчүктөр келип талады, / Жан жеринен тарамыш, / Тартып сууруп алганы, / Ажыратып калгандар, / Чатырына алпарды, / Калдуубетке калгандар, / Катуу салды калбаны: / — Капк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Жалгыз гана ошондогу көп эле өлүп, кырылып, жолдо калып отуруп, аягында биз эле калганбыз, көчтөн адашкан күчүктөй сербейип, береги бир жерде жалгыз экөөбүз келе жат-канга арман кылам...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала жөнөөрдө Гүлдүзар күчүктү кошуп берип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →